Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 03.05.2019 12:53 На русском

Балыкчынын мэрлигине эки талапкер катталды. Бири — 26 жаштагы М.Кудайбергенов

Turmush -  Балыкчы шаарынын мэри кызматына эки талапкер катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки талапкер «Замандаш» жана «Кыргызстан» фракцияларынын атынан аймактык шайлоо комиссиясына документтерин тапшырышты. Шайлоо ушул жылдын 14-майында өткөрүлөт.

Биринчи талапкер — Кудайбергенов Марат Сагынович («Замандаш» фракциясы).

31

Өмүр баяны

Ал 1993-жылы Балыкчы шаарында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу;

- 2011-жылдан 2017-жылга чейин «Алыш Сервис» ЖЧКнын башкы директору;

- 2017-жылдын август айынан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жардамчысы;

- 2019-жылдан баштап Президенттин №2 мамлекеттик резиденциясынын маркетинг кызматынын башчысы.

Үй-бүлөлүү.

Экинчи талапкер — Шакиров Мирбек Кадырбекович («Кыргызстан» фракциясы).

33

Өмүр баяны

Ал 1979-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган.

Эмгек жолу;

- 2003-2005-жылдары Ысык-Көл облустук админисрациясында өнөр жай секторунун башкы адиси;

- 2005-жылдан 2008-жылга чейин «Шумкар ЫККФ» ААКта эсепчи;

- 2008-жылы «Шумкар ЫККФ» ААКтын МТС бөлүмүнүн башчысы.

- 2009-жылы «Шумкар ЫККФ» ААКТын директору;

- 2011-жылдан 2017-жылга чейин «Шумкар ЫККФ» ААКтын башкы директору;

Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×