Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТоң району 03.05.2019 11:16

Тоңдо эми туристтерге жана тургундарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлөт

Turmush -  Тоң райондук аймактык ооруканасы тез жардам бөлүмү менен кабыл алуу бөлүмдөрүн бириктирди. Маалым болгондой, буга чейин Тоң аймактык ооруканасында шашылыш жардам жана консультативдик-диагностикалык бөлүмү жасалган.

«Бул бөлүм калк үчүн ыңгайлашкан, күнү-түнү келгендерге шашылыш медициналык жардам көрсөтөт. Бейтаптар 3 сааттан 24 саатка чейин кыска мөөнөттүү дарылануу үчүн 4 орун коюлду. Бейтаптын абалына жараша ал кийин профилдик бөлүмдөргө которулат. Атайы жандандыруу бөлүмүнө жакын жайгаштырылды», - дейт Тоң аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Жеңишгүл Сукаева.

Аталган бөлүмдү ишке киргизүү үчүн райондук администрациясы аркылуу мобилдүү үйлөр алынып, негизги имаратка улай коюлган. Ичиндеги медициналык жабдыктар оорукананын каражаты жана долбоорлор аркылуу 9,5 млн сомго алынган.

«Негизинен 20 адамдан ашык адистер иштешет. Керектүү медициналык жардам берилип турат. Кыска мөөнөттүк дарылануудан 245 адам өттү. Ушул жылдын февраль айында электрондук саламаттыкты сактоо системасына кирдик. Азыр бейтаптардын документтери компьютер аркылуу даярдалып жатат», - деп кошумчалады Ж.Сукаева.

Анын айтымында, бул бөлүмгө кайрылган чет элдик туристтер дагы аз эмес.

«Ысык-Көлдүн тескей жээгине келген туристтер көбөйүп жатат. Демек, биз чет элдик конокторго сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр болушубуз керек. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×