Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.05.2019 09:47

Мекендештер: Европаны түрө кыдырган Бакыт саякаттоонун жөнөкөй жолун сунуштайт

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 28 жаштагы Бакыт Замирбеков. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. Учурда Барселона шаарынан Москвага келип, жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти аяктагандан кийин Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинин архитектура бөлүмүндө билим алган.

«Өзүмдүн кесибим боюнча иштөөнү токтото турууну чечтим. Себеби мен Европаны кыдырып жүргөндө бул багытта пландарым өзгөрдү. Учурда чет өлкөгө чыгып, саякаттагысы келген, тил үйрөнүүнү каалаган адамдар үчүн өзүмдүн долбоорумду сунуштайын деп жатам. Тактап айтканда, Европага саякатка чыккысы келген 4-5 адамдан турган бир командага саякаттоо турун сунуштайм.

Өзүм 2015-жылдан бери Европанын бир нече шаарларында болдум. Ошондон кийин саякаттоо, жер көрүү, башка элдин жашоосу, маданияты менен таанышуу менин негизги максатыма айланды. Эң биринчи жолу Грецияга баргам. Акыркы 4 жылдан бери Европанын 20дан ашуун өлкөсүн кыдырдым. Көбүнчө Барселона, Мюнхен, Париж, Амстердам шаарларында жашадым. Учурда Барселона жана Москва шаарларында жашайм», - деди ал.

Бакыт Замирбеков саякаттоо көпчүлүк адамдар ойлогондой татаал эместигин айтат.

«Мисалы, Барселона архитектуралык тарыхы бай байыркы шаарлардын бири. Эли өтө жөнөкөй. Бай менен кедей адамдарды айырмалай албайсың. Эли толеранттуу, бардык адамга бирдей мамиле жасашат.

Бир жолу учактан кечигип калып, Амстердамдан Берлинге автобус менен барууну чечтим. Орто жолдон башка автобуска отурушум керек эле. Уктап калып, Мюнхенге өтүп кетиптирмин. Ошентип жергиликтүү немистин үйүндө бир күн конок болгом. Бөтөн адамдарга орой мамиле кылгандарын көргөн жокмун.

Дүйнө жүзүнө саякаттоо биз ойлогондой татаал эмес. Саякаттоо адамдын аң сезимин өзгөртүп, дүйнө таанымын кеңейтет. Ошондуктан мен каалоочуларга дүйнөгө саякатка чыгуунун эң жөнөкөй жолун сунуштап, алардын максатын жана кыялын орундатууга жардам берем», - деди ал.

Бакыт алты бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×