Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.05.2019 09:17

Сүрөт — Ысык-Көлдө адамдын чириген сөөгү табылды

Turmush -  Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында адамдын чирип калган сөөгү табылды. Аны жергиликтүү тургун даараткана үчүн чуңкур казып жатканда тапкан.

Айылдын жашоочусу РИИБдин кызматкерлери бул окуяга байланыштуу тергөө, иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын «Репортер» басылмасына билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул айылда жашаган аял кызынын сөөгү экенин кошо табылган сөйкө аркылуу тааныган. Анын кызы 2005-жылы дайынсыз жоголгон.

ЭСКЕРТҮҮ: СҮРӨТТӨ АДАМДЫН СӨӨГҮ КӨРҮНГӨН

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×