Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.05.2019 17:53

Балыкчыда баскетбол боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Балыкчы шаарында №4 гимназия мектебинин спорттук залында баскетбол боюнча республикалык турнир болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, турнир дене тарбия жана спорт иштеринин мыкты кызматкери, баскетбол боюнча Ысык-Көл облусунун курама командасынын мыкты чабуулчусу, жаш спортчуларды тарбиялоодо көптөгөн ийгиликтерди жараткан Каныбек Эсентаевдин жаркын элесине арналды. Мелдеш шаардык спорт комитети тарабынан уюштурулуп, ага өлкөнүн аймагынан келген 12 команда катышты.

Турнирдин ачылыш аземинде Балыкчы шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Т.Курманалиев, шаардык спорт бөлүмүнүн башчысы К.Давлетов, маркумдун бир туугандары, достору сөз сүйлөп, К.Эсентаевдин кезегинде жаш жеткинчектерди спортко тарбиялоо иштерине кошкон салымдары туурасында айтышып, мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалашты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «Каракол», 2-орунду «Балыкчы» командасы ээлеп, «Токмок», «Ак-Суу» командалары 3-орунга чыгышты. Жеңүүчүлөр атайын эстелик медалдар, диплом, кубоктор менен сыйланышты. Андан тышкары, мелдештин жүрүшүндө мыкты чеберчилик көрсөткөн спортчуларга баалуу белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×