Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.05.2019 17:22

Балыкчыда күжүрмөн ок атуу менен коштолгон машыгуу болду

Turmush -  Балыкчы шаарында Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер бөлүктөрүнүн артиллериялык бөлүкчөлөрүнүн күжүрмөн ок атуу боюнча окуу-машыгуусу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, анда №73809 Кой-Таш, №20636 Балыкчы аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери теориялык билимдерин практика жүзүндө көрсөтүштү. Анын жүрүшүндө батареянын күжүрмөн ок атуусу болду.

Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин кол башчысы, полковник А.Карасартов машыгуу артиллериялык батареялардын бөлүмдөрүнүн бөлүкчөлөрүн текшерүү максатында өткөндүгүн билдирди. Мындай иш-чаралар күжүрмөн пландын негизинде жылына эки жолу артиллериялык күч түзүмдөрү менен бирге өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×