Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.05.2019 13:40

Балыкчыда майыптыгы бар адамдар арасында парамарафон өттү

Turmush -  Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында парамарафон болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, парамарафон төрт башка аралыкта өттү. Анда даун синдрому менен жабыркаган катышуучулар 500 метр аралыкты басып жана чуркап өтүштү. Майыптардын арабасында отургандар (моюн омурткасынан жабыркагандар, мээ шалы, муундардын тубаса оорусу менен жабыркагандар, түрдүү себептерден улам басуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер) 1500 метр аралыкты, көзү азиздер жандоочусу менен 3000 метр аралыкты чуркап өтүштү, угуусу начар жарандар 4000 метр аралыкка чуркашты.

Мындан тышкары, катышуучуларды моралдык жактан колдоо максатында 16 жаштан 40 жашка чейинки дени сак адамдар 5000 метр аралыкка, 40 жаштан жогору жарандар 3000 метр аралыкка чуркашты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×