Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.06.2019 22:23 На русском

«Жеңеке»: 28 жаштагы А.Айтыгулованын тойдон тапкан сүйүүсү жана кызыктуу окуясы (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 28 жаштагы тургуну Айжан Айтыгулова 2017-жылы турмушка чыгып, мындан бир ай мурун бир кыздын энеси болду. Ал аймактык кабарчыга жаңы келин болуп келген кезиндеги окуяларын айтып берди.

Айжан Айтыгулова Кочкор районунун Молдо Кылыч айылында төрөлгөн. 2014-жылы Бишкек медициналык колледжинин акушердик бөлүмүн аяктаган. Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну Алтынбек Шаршеевге баш кошкон.

«2017-жылы июль айында Балыкчыда курбу кызым тойго чакырып, ошол тойдон таанышып калганбыз. Мени ошондо эле көрүп жактырып калган экен. Кетип бара жатканда телефон номурумду алып калган. Кийин сүйлөшүп калдык. Жаңы жылга чейин үйлөнөлү деп сунуш киргизген. Бирок мен быйыл коё туралы деп токтотуп койгом. Себеби, Түркияга барып келейин деген планым бар болчу. 2018-жылы Түркияга баруу үчүн документтеримди даярдап жаткам. 7-апрелде телефон чалып, «инимдин туулган күнү. Бүгүн сени конокко чакырып жатабыз» деди. Макул болдум. Жолдошум мени алып кетүү үчүн үйгө келди. Сыртка чыксам жанында дос баласы бар экен. Жолдо кетип бара жатканда досу «сени бүгүн келин кылып алып калалы» деп айтып баштады. Мен тамаша катары кабыл алып күлүп койдум. Ошентип үйгө келдик. Мен туулган күнгө келдим деп жүрөм. Кирип келе жатсак аябай сонун салаттын, боорсоктун жыты жыттанды. Оюмда азыр салат жейм деп эле кирдим. Кирсек столдо баары отурушат. Саламдашып эле туруп калдым. Чоң апабыз бар (чоң кайын эне). Ал шашып кетип эле "бактылуу болгула, кармашкан колуңар ажырабасын. Кана, жоолукту алып келгиле» десе эшикке качып чыктым. Дос баласы мени кармап келип, көшөгөгө киргизип, жоолук салышты. Жолдошум экөөбүз бул күн болбосо деле үйлөнмөкпүз. Ошентип чоң апабыздын айынан баягы сонун жыттанган салаттар менен боорсокту жебей калгам», - деди ал.

Айжан Айтыгулова башынан өткөргөн кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Бир күнү түшкүгө тамак жасадым. Тамак казанда калып, желбей калбасын деп баарыбызга бөлүштүрүп куйдум. Бирок өзүмө көбүрөөк куюп алдым. Ачка болсом керек. Негизи жаңы келген келин чай куюп жүрүп ачка болуп калат го. Баары менин баягы толтура куюлган тамагымды карап калышты. Мен уялып кеттим. Ошондо баары күлүшкөн эле. Бир күнү жолдошум экөөбүз сүйлөшүп отурганбыз. Өзүбүз 30 жашка келип калсак да баладай болуп ойноп кеттик. Балдардын ат оюнчугун минип, үйдүн ичинде тегеренгенбиз. Оюнга аябай берилип кетиптирбиз. Сырттан келип калган апамды көрбөй, анда дагы аябай уялгам.

Бир ай мурун кыздуу болдук. Андан мурун төрөтканада медайым болуп иштеп жаткам.

Жолдошум аябай камкор адам, боорукер, менин көңүлүмдү дайыма көтөрүп турат. Капа кылбаганга аракет кылат. Азыр үй жумуштары жана кызым менен алекмин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×