Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.05.2019 10:47 Жаңыланды: 01.05.2019 13:58 На русском

Сүйүү улут тандабайт: Батирин сатып, Кытайга окууга кеткен жубайлардын окуясы (сүрөт)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылынын тургундары Ринат Хазиев жана Гүлбарчын Кененбаева. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Казак жигитке турмушка чыккан Гүлбарчын Кененбаеванын айтымында, учурда алар эки уул, бир кыздын ата-энеси болуп, экөө тең Булан-Сөгөттү айылындагы белгилүү санаторийлердин биринде иштеп келишет.

Г.Кененбаева Бишкек шаарында төрөлүп өскөн. Мектепти аяктагандан кийин И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алган. Окуп жүргөндө ошол эле окуу жайда билим алган казак жигити Ринат Хазиев менен таанышып калган. Бири-бирин дароо эле жактырып, жылдызы келишкен жаштар студент кезде эле баш кошушту. Алардын мындай чечимине ата-энелери каршы болушкан эмес. Жаш жубайлар Медакадемияны аякташкан соң жолдомо менен Каракол шаарына келишип, ооруканада эмгектенип калышкан.

«Ринат экөөбүз окуубузду аяктап, жолдомо боюнча Каракол шаарына келип иштеп калдык. Ал кезде дарыгерлердин айлыгы 4500 сом эле. Биз жаш үй-бүлө катары келечегибизди көп ойлонуп, изденүүдө элек. Бир жолу Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында эс алып жүрүп, кытайлык жаран менен таанышып калдык. Ал мыкты укалоочу (массажист) экен. Жолдошум англис тилинде эркин сүйлөгөндүктөн аны менен бат эле тил табышып кетти. Ал жаран өзүнүн кесиби тууралуу айтып берип, бизге укалоо боюнча билим алууну жана бул багытта иштөөнү сунуштады. Ошондой эле бул иштин артыкчылыктары менен пайдасы тууралуу дагы айтып берип, жол-жобосун түшүндүрдү.

Жолдошум экөөбүз терең ойлонуп, бир чечимге келдик. Ата-энебиз үйлөнүү тоюбузда белек кылган Бишкектеги бир бөлмөлүү батирибизди сатып, Кытайдын Шанхай шаарына 2 жылга окууга жөнөп кеттик. Ал жактан окуп бүткөн соң, Таиланддан билим алууну уланттык. Ошентип укалоо боюнча мыкты адистерден билим алып, аны практика жүзүндө дагы үйрөндүк. Тажрыйба топтогондон кийин Кыргызстанга кайтып келдик», - дейт Гүлбарчын.

Анын айтымында, алар чет өлкөдөн билим алып келишкенден кийин жумуш сунуштагандар көп болгон.

«Бизди ата-энебиз жылуу тосуп алышып, бир жума Ысык-Көлгө эс алып келүүбүзгө шарт түзүп беришти. Санаторийлердин биринде эс алып жүрүп, анын жетекчиси менен дагы таанышып калдык. Ал адам биздин чет өлкөдөн билим алып, адис болуп келгенибизди угуп, дароо өзүнүн санаторийинен жумуш сунуштады. Ошентип жолдошум экөөбүз Ысык-Көлдө калып калдык. Акыркы 8 жылдан бери Булан-Сөгөттү айылындагы санаторийде иштеп, ушул аймакта жашап келебиз», - дейт Г.Кененбаева.

Гүлбарчын менен Ринат укалоонун 45 түрүн жасашат. Алардын өзгөчөлүгү — укалоону чогуу жасагандыгында. Алар жыл сайын укалоо боюнча өткөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Мунун натыйжасында укалоо боюнча эл аралык чемпионатка жолдомо алышкан.

Жубайлар кайрымдуулук иретинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталган укалоону акысыз жасап беришет. Мындан тышкары, алар укалоону үйрөнүүнү каалаган улан-кыздарды да кабыл алышып, өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп келишет. Алар үй-бүлөсү менен сергек жашоону жактырышат. Балдары сууда сүзүшүп, айылдагы музыкалык мектептен комуз чертүүнү дагы үйрөнүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×