Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.04.2019 16:59

Согушта амандыгын тилеген 98 жаштагы ардагер К.Жакшылыков 15 балалуу болгон

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кенжебай Жакшылыков быйыл 98 жашта. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын ардактуу аксакалы. 17 жашында согушка аттанып, айылдан Бишкекке чейин жоокерлер менен жөө барганын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Ардагердин айтымында, ал №484 аткычтар полкунда жети жарым жыл жоокердик милдетин өтөгөн.

«Согуш башталган кезде мен 17 жашта элем. Бул жерден 400 жоокерди борборду көздөй жөө алып жөнөштү. Анан Бишкектен поездге отургузушту. Согуш күчөп жаткан жылдары ачкачылык болуп, буудай, арпа, талкан жеген күндөрүбүз болду. Согушта көп өлүмдү көрдүм, жанымдагы жоокерлерден айрылдым. Анан туткунга түшкөндөрдү кайтарып калдык. Ошентип согуш бир далай жылга созулгандай сезилип, мекениме аман-эсен барсам экен деп тилечүмүн», - дейт ардагер.

Кенжебай Жакшылыковдун айтымында, ал кичи мекенине 25 жашында кайтып келген.

«Кудайдын буйругу менен 25 жашымда кичи мекениме келдим. Кийин билим алып, каржы тармагында үзүрлүү эмгектендим. Байбичем экөөбүз 15 балалуу болдук, бирок тилекке каршы чарчап калгандан кийин 9 баланы өстүрдүк. Мени байбичем ысык-сууктан калкалап жакшы карачу эле, ал менден биринчи кете берди.

Эки көзүм көрбөй калганы менен дайыма үналгы угуп, өлкөдөгү маалыматтардан кабардар болуп турам. Жаштарга бакубат жашоо каалайм, дүйнөдө тынчтык өкүм сүрсүн», - дейт К.Жакшылыков.

Октябрь айыл аймагындагы жалгыз ардагер уул-кыздарынын сыйын көрүп, бактылуу карылыкты сүрүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×