Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.04.2019 13:37 На русском

Видео: Балыкчыда уран кенин иштетүүгө каршы чыккандар Бишкекке жөнөштү

Turmush -  Бүгүн, 29-апрелде Балыкчы шаарынын мэриясынын алдына уран казууга каршы болгон адамдар келишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, облустун ар кайсыл аймактарынан келген жүздөгөн адамдар чогулушкан.

Катышуучулардын бири Майрамбек Осмоналиевдин айтымында, чогулган эл Бишкек тарапты көздөй жөнөштү.

Саат 13:50гө карата чогулгандар Балыкчы шаарындагы автобекетке келишип, учурда ошол жакта турушат.

Саат 14:20га карата чогулгандар унаалар менен Бишкек шаарын көздөй бет алышты. Кээ бири жеке унаасы менен чыкса, кээ бири кичи автобустарга отурушту.

Буга чейин Тоң районунун Көк-Мойнок участкасында уран кенин чалгындоо иштери толугу менен токтотулгандыгы маалымдалган.

Маалым болгондой, өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Тоң районунун акими Данияр Арпачиев, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев, Балыкчы шаарынын вице-мэри жана Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы премьер-министрдин тапшырмасынын аткарылышы менен таанышып чыгышкан.

Андан кийин 25-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Тоң районуна иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан.

Жолугушууда Көк-Мойнок айылынын тургуну Эркин Каракожоев билдиргендей, уран чыккан жердеги ишти толугу менен токтотуп коюу керек. Ал эми иш жүрүп жаткан жерди кайра калыбына келтирүү шарт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×