Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.04.2019 11:43 Жаңыланды: 08.05.2019 21:43 На русском

Айыл турмушу: Р.Садыкова келечектеги кесибин атасынын оорусунан улам тандаган (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылынын 65 жаштагы тургуну Роза Садыкова 40 жылдык өмүрүн медицина тармагына арнады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Жети-Өгүз районунун Чырак айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган.

«Апам мектепте биология сабагынан мугалим болуп иштеп, өмүрүн билим берүү тармагына арнады. Ал көбүнчө практикага көңүл буруп, окуучуларына биотүрдүүлүктү көрсөтчү. Ал эми атам көп жыл башкарма болуп иштеди. Ошондой эле ал Улуу Ата Мекендик согушка дагы катышты. Ошондуктанбы атам көп ооруду. Кичинекей кезимде эле атама жардам бергим келчү. Анын көп ооруганы менин медицина тармагын тандоомо жана Фрунзедеги Медициналык академиядан билим алуума түрткү болду», - дейт ал.

Анын айтымында, Медакадемиянын дарылоо факультетин 1977-жылы аяктаган.

«Мектептен эле химия, биология жана анатомия сабагын жакшы окучумун. Мага жол көрсөтүп, туура багыт берген апамдын дагы салымы чоң болду. Медициналык академияны аяктагандан кийин эмгек жолумду Балыкчы шаарындагы ооруканада иштөө менен баштадым. Андан кийин Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада иштедим. Жалпы 40 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келем. Акыркы 25 жылдан бери Булан-Сөгөттү айылындагы санаторийде терапевт-кардиолог болуп иштеп жатам», - деди ал.

Ал 1978-жылы инженер-куруучу кесибин аркалаган жигитке турушка чыккан.

«Биз бири-бирибизди жакшы көрүп, урматтап жашадык. Бир уулдуу жана эки кыздуу болдук. Бирок тилекке каршы жолдошум 1993-жылы катуу оорудан улам каза болуп калды. Балдарымды жалгыз чоңойтуп, бутуна тургуздум. Мен азыр 9 неберенин бактылуу энесимин», - дейт Роза Садыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×