Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.04.2019 17:27 На русском

Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Тимур Исмаилов изделип жатат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылынын 2004-жылы туулган тургуну Тимур Исмаилов изделип жатат. Бул тууралуу РИИБден маалымдашты.

Маалыматка караганда, 25-апрелде саат 17:00 чамасында Тимур окуган №85 кесиптик лицейдин директорунун орун басары Нургиза Аламанова милицияга кайрылган.

Тимурду 2018-жылдын сентябрь айында Балыкчы шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери алып келишкен. Анын атасы жок, апасы 2014-жылы каза болгон.

Нургиза Аламанованын айтымында, Тимур 22-апрелде саат 19:00 чамасында кечки тамактануудан кийин мекемеден чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, көздөрү кара, арыкчырай. Чачы саргыч кызыл түскө боёлгон.

Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук куртка, кара шым жана кара бут кийим.

Аны көрүп-биргендер 102 кызматына же 03943 4 39 80 номуру аркылуу РИИБге маалымдай алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×