Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.04.2019 15:37

Ак-Сууда Чернобыль апаатынын катышуучулары сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 26-апрелде Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясында Чернобыль апаатында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Чернобыль апаатынын катышуучу ардагерлери, алардын жесирлери катышты. Анда акимдин биринчи орун басары Б.Иргебаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Т.Дылдаев, айыл өкмөт башчылары ардагерлерди куттукташып, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалашты.

Ошондой эле райондук администрация тарабынан 3 катышуучуга ардак грамота, 4 жесир аялга, 1 мүмкүнчүлүгү чектелген адамга акчалай жардам тапшырылды. Айыл өкмөттөр тарабынан бардык ардагерлерге жана жесирлерге материалдык жардамдар берилди.

Ак-Суу районунан Чернобыль апаатына 41 адам катышкан. Бүгүнкү күндө райондо 20 ардагер жана 4 жесир мамлекет тарабынан ар кандай жардам алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×