Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 26.04.2019 14:08 Жаңыланды: 21.07.2019 16:08 На русском

Айыл турмушу: Медайым А.Акибаеваны «шок» кылган Кыргызстандагы 3 адам (сүрөт)

Айзада Акибаева
Айзада Акибаева
// Turmush

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 41 жаштагы тургуну Айзада Акибаева Арашан айылында ачылган чоң ооруканада медайым болуп эмгектенет. Ал апасынын сунушу менен медицина тармагын тандап алган. Аймактык кабарчы Айзада айым менен таанышты.

«Апам №3 шаардык балдар ооруканасында улук медайым болуп иштечү. Ушул кишинин колунда иштеп, баарын үйрөндүм. Азыр ал ардактуу эс алууда. 44 жыл саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенди. Учурда неберелерин карайт.

Мен болсо 1998-жылы аталган ооруканада эмгек жолумду баштадым. Андан кийин аскердик госпиталда он жыл эмгектендим. Учурда мурунку президент А.Атамбаевдин демилгеси менен ачылган чоң ооруканада иштеп жатам.

Бишкектеги медициналык окуу жайды 1998-жылы аяктап, дароо эле жумушка орношком. Тазалагыч болуп киргем», - деди ал.

Айзада Акибаева Кыргызстандагы сиам эгиздери Зита менен Гитаны жана өлкөдөгү эң узун бойлуу Жеңишбекти көргөндө абдан таң калган.

«№3 балдар ооруканасында иштеп жүргөндө бизге сиам эгиздери Зита менен Гита дарыланганы келип калышты. Анда алар 7 жашта болчу. Аларды биринчи жолу көргөндө нес болуп калгам. Ал кыздарды жуунтуп, жакшы карачубуз. Бир жолу менин кезегим келип, аларды жуунтайын деп палатага барсам, «Ветер с моря дул» деп ырдап отурушуптур. Жөн эле ырдабай, кыйкырып, каткырып ырдап жатышкан экен. Мындай учурда бейтаптар тынчтыкты сактагыла, кыйкырбагыла деп айтышар эле. Бирок аларды бейтаптар тыйбай, карап отурушуптур. Зита менен Гита өзгөчө жаралып калса да, жашоого позитивдүү карап, жыргап ырдап жатканына мен да кубангам. Аларды карап, жардам бергеним мен үчүн сыймыктангам.

Ооруканада иштеп жүрүп, өз көзүм менен көрүп таң калганым ушул Зита менен Гита болсо, кийин дагы бир таң калыштуу адамга туш болгом. Ал Кыргызстандагы эң узун бойлуу Жеңишбек Райымбаев болчу. Аскердик госпиталда иштеп жүргөндө ортодо Воронцовканын курортунда да эмгектенип калдым. Тактап айтканда, 2006-2009-жылдар аралыгында эмгектендим. Мен мурун ыраматылык Жеңишбек тууралуу укпаптырмын. А, негизи сыналгыдан элдин көбү көрүп, ал белгилүү эле болуп калган экен. Ал бала баса албай жатып калганда бир демөөрчү биздин ооруканага алып келди. Бизге алгач келген күнү элдин баары жабалактап карашып, алардан өтүп биз карап, аябай таң калгам», - деди ал.

Медайым үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×