Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТоң району 25.04.2019 16:19 Жаңыланды: 12.05.2019 17:30

Жеңеке: Төрт кызды жарык дүйнөгө алып келген Акмербеттин тилеги (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тургуну Акбермет Муратбекова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 12 жыл мурун өзүнүн айылдашына турмушка чыгып, учурда 4 кыздын апасы болду.

«Жолдошум менден 6 жаш улуу, агамдын жакын досу болот. Мен мектепте жогорку класста окуп жүргөндө аны менен сүйлөшчүмүн. Агам деле каршы болгон жок, тескерисинче бизди колдоду. Анткени досу жакшы жигит экенин айтып калчу. Ошентип 11-классты бүткөндөн кийин турмушка чыктым», - дейт ал.

Анын айтымында, кайын ата жана кайын энеси менен бирге жашайт. Алар айыл чарбасы менен алектенишет.

«Эки кайын эжем биз үйлөнө электе эле турмушка чыгып кетишкен экен. Бир кайын сиңдим дагы турмушка чыкты. Ал эми кайын иним үйлөнө элек.

Жолдошум экөөбүздүн Акылай, Асылай, Нурбийке жана Асема аттуу кыздарыбыз бар. Эми бешинчи перзентибизди күтүп жатабыз. Быйыл улуу кызыбыз 4-классты аяктап жатат, ал дарыгер болом деп кыялданат. Кийинки кызыбыз мугалим болсом дейт. Жакшы тилектерин айтып, бизди кубандырып турушат. Эми уулдуу болсок экен деп тилек кылып жатабыз», - деди Акбермет Муратбекова.

Анын жолдошу механизатор. Айыл чарба шаймандары, эки трактору менен айыл элине кызмат кылат.

«Ата-энебиз бар үчүн дүйнөбүз түгөл. Аларды сыйлап, урматтап турсак эле ич ара түшүнбөстүктөр болбойт. Алардын айткан сөздөрүн биз кеңеш катары кабыл алабыз. Анткени ар бир эле ата-эне баласынын жаман болушун каалабайт да. Биз дагы ата-энебизге кызмат кылып, алардын батасын алсак дейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×