Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.04.2019 08:55 На русском

Жакшылыктары болордо өмүр менен кош айтышкан айылдаштар акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Ушул жылдын 22-апрелинде Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон эле. Маркумдардын айылдашы окуя тууралуу айтып берди.

«Ошол күнү айылдаштар септик куюу үчүн Каракол шаарынын базарынан Жети-Өгүз айылына цемент алып келе жатышкан экен. «Жигули» унаасынын айдоочусу Эрмек Мамырканов 1981-жылы туулган. Бир фирмада айдоочу болуп иштечү. Артында 2 кыз, 1 уулу калды.

Жүргүнчүлөрдүн бири — айдоочунун айылдашы Руслан Байтемиров 1982-жылы туулган. Ал азыр оор абалда комада жатат. Россияда иштечү, келгенине 4-5 күн болуп калган эле. Анын быйыл мектепти бүтүргөнүнө 20 жыл болуптур. Ошого карата атайын келиптир. Үйлөнө элек болчу.

Дагы бир жүргүнчү — айдоочунун айылдашы Мирлан Алымкулов 1982-жылы туулган. Руслан экөө классташ. Бул дагы Россияда иштечү. Быйыл үйлөнөм деп, үйүн оңдоп жаткан экен. Ал окуя болгон жерде каза болду. Ал эми айылдашы Баатырбек Мамбетов 1987-жылы туулган. Үйлөрдү оңдоп эмгектенчү. Үйлөнө элек. Бир үйдүн кичүү баласы болчу. Окуя болгон жерде каза болуп калды.

«Авенсис» унаасынын айдоочусу Эмил Жумабеков 1988-жылы туулган. Ооруканада. Ал Оргочор айылынан Каракол шаарына бара жаткан экен. Себеби, сүйлөшкөн кызына баш кошуу тууралуу сунушун айтмак экен. Ата-энесинин дагы макулдугун алыптыр.

Жети-Өгүз айылында чоң жоготуу болуп, аза күтүү күнү белгиленди. Маркумдар чогуу акыркы сапарга 24-апрелде узатылды», - деди айылдашы.

Жол кырсык саат 17:10 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 213-чакырымында, тактап айтканда Жети-Өгүз районунун Ырдык жана Конкин айылдарынын ортосунда катталган. Оргочор айылынын 1988-жылы туулган тургуну Э.Ж.нын башкаруусундагы «Авенсис» үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, Жети-Өгүз айылынын 1982-жылы туулган тургуну Э.М. башкарып бара жаткан «Жигули» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Авенсис» унаасынын айдоочусу оор абалда Каракол шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми «Жигули» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Экинчи унаада 3 жүргүнчү болгон. Алардын бири — 1982-жылы туулган Р.Б. Каракол шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Калган эки жүргүнчү —1987-жылы туулган Б.М. жана 1982-жылы туулган М.А. оор жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×