Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.04.2019 08:28

«Жеңеке»: 41-жаштагы И.Жумамүдүнова согуштун ардагеринин келини экенине сыймыктанат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын тургуну Индира Жумамүдүнова 5 баланын апасы. Жолдошу Марс менен 2000-жылы баш кошкон. Айтымында, 12 бир туугандын кичүүсүнө турмушка чыгуу ал үчүн чоң чечим болгон.

«Өзүм ушул эле айылдын кызымын. Мен деле көп балалуу үйдө чоңоюп өскөм. Бирок биздин үйдө 6 бала эле. Турмушка чыга элек кезимде мен чоң үй-бүлөгө келин болуп келем деп эч ойлогон эмесмин. Бирок кийинчерээк өзүмдүн эле айылдашым Марс менен сүйлөшүп калдым», - дейт Индира айым.

Аз убакыттан кийин Марс менен Индира сүйлөшүп, 3 жыл кыз-жигиттик мамиледе болгон. Андан соң үйлөнүү тууралуу чечимин кабыл алышкан.

«Мен жаңы келин болуп келген кезде тилекке каршы апабыз кайтыш болуп калган эле. Ошондуктан кайната, бир туугандарыбыздын колуна келдим. Албетте биринчи келгенде мен үчүн өтө кызыктай абал болду. Себеби 12 бир тууган, алардын үй-бүлө, бала-чакасы болуп өзүнчө эле бир мамлекет болуп калат экенбиз. Акырындык менен буга да көнүп кеттим. Азыр ар майрам сайын үй толо бала-чака, бир туугандарыбыз. Биздин үй-бүлө менен сыймыктанабыз», - дейт ал.

Индира жеңе кайнатасы Айтыш Шайыковго мыкты келин боло алган.

«Акыркы эки жылдан бери атам кароого муктаж болуп калды. Ага чейин тың, өзүн мыкты алып жүргөн. Биздин үйдүн куту, бакытыбыз — атам. Беш балам тең аталап, жакшы көрүп турушат. Атам согушта көргөнүн айтып, балдарды туура тарбиялоого чоң салым кошуп келет. Убагында башкарма болуп иштеген экен, ошондуктан биздин үйдө дагы башкарманын тартиби бар. Карыган сайын адам бир аз таарынчаак, унутчаак, бала кыял болуп калат экен. Атамдын көңүлүнө карап иш кылабыз. Бир нерсе жакпай калса сүйлөбөй калат. Демек биз ал нерсени оңдошубуз керек. Тамак тандабайт, жасаган тамагымды мактап жеп алат. Анан да таттуу жегенди жактырат. Илгерки адам болгондуктан, май, чучук, казы-картаны жакшы көрөт. Бирок ал тамактарды азайтып турабыз, себеби ден соолугуна терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн деп дарыгерлер айткан эле. Конок күткөндү жактырат, бир жакка барганды да жактырат. Уул-кыздарыныкына маал-маалы менен барып, конок болуп келет. Эң башкысы атам бар биз бактылуубуз», - деп жыйынтыктады Индира.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×