Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.04.2019 16:41

Ысык-Көлгө Түркиядан ишкерлер келишти

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев Түркиядан келген ишкерлердин делегациясы менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Түркиянын ишкерлер ассоциациясынан келген өкүлдөр Ысык-Көл облусундагы туризм тармагындагы курулуш иштерине жана кен байлыктарына кызыгышкан. Жолугушууда аталган өлкөдөн келген ишкерлер менен Ысык-Көлдөгү бир катар ишкерлер баарлашты. Жергиликтүү ишкерлер өздөрүнүн долбоорлорун түрк ишкерлерине сунушташты.

Түркиялык ишкерлер Ысык-Көл облусуна экинчи ирет келишти жана алар жакын аралыкта инвестициялоону баштоого сөз беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×