Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.04.2019 11:09 На русском

Айыл турмушу: Саяпкер К.Ургазиевге долларларды алып келген күлүктөр

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 60 жаштагы тургуну Камчыбек Ургазиев дээрлик 40 жылдан бери саяпкерлик өнөрдү аркалап, күлүк таптап келет. Анын Победа аттуу күлүгү 4 жашта. Атасы Патрон. Буга чейин 13 жолу ат оюндарына катышып, 10 мелдеште байгелүү орундарга ээ болгон.

«Мен жылкы багууну жактырам. Дээрлик 40 жыл жорго таптап, жылкынын сырларын үйрөндүм. Жылкы баласы абдан сезимтал келет. Көңүл бөлүп, аярлап кароо зарыл. Победанын атасы Патрон, энеси Аймончок, таза кандуу жылкылар. 2018-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында жорго чабышта 26 жоргонун ичинен 1-орунга ээ болуп, 300 миң сом сыйлыкка ээ болгонбуз. Өзүм эки ирет жүрөккө операция жасатсам да жылкы таптайм. Кылган ишимден эргүү алып, кадимкидей эс алам», - деди ал.

Камчыбек Ургазиев 60 жашка чыкса да атка секирип минип, жорголорун көл жээкке алып барып суутат. Ага уулу көмөктөшүп жардам берүүдө.

Саяпкердин күлүктөрү өлкө аймагында өткөн ат чабыштарда алдыңкы орундарды эч ким кимге бербей келет. Мындан улам учурда Камчыбек Ургазиевге эл аралык деңгээлде өтүүчү ат оюндарына катышууга чакыруулар түшүүдө.

Саяпкердин короосунда учурда эки жаштагы Ботокөз аттуу жорго бар. Аны 3 000 долларга баалоодо.

«Аны ээси чыкса берем. Короодо эң мыкты күлүктөр байланып турганын жактырам. Ошондуктан ал-күч барда көптөгөн күлүктөрдү таптоого аракет кылам», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×