Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 23.04.2019 16:35 Жаңыланды: 23.04.2019 18:12 На русском

Мекендештер: Көп маяналуу ишин таштап кеткен Адылбектин Кореядагы жашоосу (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 30 жаштагы Адылбек Үркүнчиев. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда туулган. Учурда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында билим алып, эмгектенип жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2010-жылы EPS (чет өлкөлүк жарандарга ишке орношууга уруксат берүү программасы) программасынын алкагында эмгек визасы менен Түштүк Кореяга сапар алган.

«Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз техникалык университетине караштуу Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялар институтунун экономика факультетинде билим алдым. 4-курста окуп жүргөндө корей тилин үйрөтүүчү курстар ачылып, жаштардын көбү тил үйрөнүп жатышкан. Мен дагы досторум менен бирге Кант шаарындагы окуу курсуна барып, корей тилин үйрөнүп баштадым. Ал жерде 7-8 ай окугандан кийин EPS программасына документтеримди тапшырып койдум.

Ал аралыкта Бишкек шаарындагы фирмалардын биринде корей тилинен кыргыз тилине котормочу болуп иштеп жүрдүм. Ошондо маянам 650-700 доллар эле. Андан кийин визага тапшырган документтерим даяр болуп келди. Жагдайды ата-энеме айтсам, алар бир аз каршылык көрсөткөндөй болушту. Менин деле Кореяга абдан келгим келген эмес. Анткени ошол учурда көп маяналуу ишим бар болчу. Анан ата-энем менен кеңешип, жер көрүп, билим алуу максатында 2010-жылы келишимдин негизинде Түштүк Кореянын Пусан шаарына келдим», - дейт Адылбек Үркүнчиев.

Ал иштөөдөн тышкары билимин жогорулатып, алгач магистратурага андан кийин докторантурага өткөн.

«Пусан шаарына жаңы келгенде дароо көнүп кетүүгө кыйын болду. Келишимдин негизинде келгендиктен бат эле жумушка орноштум. Ошентип 4 жыл иштеп, андан кийин 2015-жылы Инчхон шаарындагы Инха университетинин эл аралык мамилелер факультетине магистратурага өтүп, бюджеттик негизде окудум. 2017-жылы магистратураны аяктагандан кийин докторантурага кабыл алынып, учурда билим алып жатам. Кореяда студенттер үчүн билим алууга жакшы шарттар түзүлгөн. Мисалы, китепканалар 24 саат бою иштейт. Каалаган убакта барып, керектүү китептериңди алсаң болот», - дейт ал.

А.Үркүнчиев ошол жылдары мекенине келип, сүйүктүүсүнө баш кошкон.

«2016-жылы Кыргызстанга барып, үйлөнгөндөн кийин кайра үй-бүлөм менен Түштүк Кореяга келдим. Учурда 2 жаштагы уулубуз бар. Ал бала бакчага барат. Мен окуудан тышкары шаардагы фирмалардын биринде менеджер болуп эмгектенем, ал эми жубайым Сеул шаарындагы бейтапканалардын биринде чет элдик бейтаптар үчүн котормочу болуп иштейт. Эми мен докторлукту жактагандан кийин бул өлкөдө эмгектенип, тажрыйба топтоп алган соң, Кыргызстанга барып иштейм деп пландап жатам», - дейт ал.

Адылбек учурда кыргызстандык студенттерге Инха университетинде билим алууга жардам берип жатканын айтты.

«2018-жылдын октябрь айында чет өлкөдөн келген студенттерди кабыл алган профессор менен Кыргызстанга барып, өлкөнүн бир топ аймактарындагы мектептерди кыдырдык. Анда жогорку класстардын окуучуларын Кореяда билим алууга чакырдык. Мисалы, ноябрь айында 80 окуучу маектешүүгө келип, алардын ичинен 22 окуучу мен окуган Инха университетинде билим алууга мүмкүнчүлүк алышты», - дейт мекендешибиз.

Адылбек үй-бүлөдө 6 бир туугандын бешинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×