Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.04.2019 13:59 На русском

Мектепке бара жаткан окуучу кызды үйүнө алып барып зордуктаган киши кармалды

Балыкчы
Балыкчы

Turmush -  Балыкчы шаарында 6-класстын окуучусун зордуктоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, аталган факт ушул жылдын март айында катталган. Бирок кыз окуя боюнча апасына апрель айында гана билдирген. Ал эми 16-апрелде Балыкчы шаарынын тургуну А.Д. милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал жергиликтүү тургун өспүрүм кызын алдоо жолу менен үйүнө алып барып, зордуктагандыгын билдирген.

Окуучу кыздын өзүнүн айтымында, эртең менен ал мектепке кетип бара жаткан жолдон 1989-жылы туулган М. аттуу тургун жолугуп, ал толтура жаңы кийимдерди алып келгенин айтып, үйүнө барып көрүүсүн өтүнгөн. Кызды үйүнө алдап алып баргандан кийин зордуктаган. Окуя боюнча кыз алгач апасына билдирген.

Аталган факт болгонун Ысык-Көл ОИИБден тастыкташып, кылмыш Балыкчы ШИИБде каттоого алынганын билдиришти. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, соттук-медициналык жана биологиялык экспертизалар дайындалды.

Аталган кылмышка шектүү делген жаран кармалып, Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, күнөөсүн мойнуна алган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×