Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.04.2019 12:35 Жаңыланды: 02.05.2019 22:35

Айыл турмушу: Ак-Суунун тургуну салмагы жарым килограмм помидор өстүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылынын 41 жаштагы тургуну Махабат Сейталиева акыркы 6 жылдан бери күнөскана иштетип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча тикмечи. 2013-жылдан бери күнөскана иштетип, анда помидор, бадыраң, калемпир, буурчак жана сабиздин түрүн өстүрөт.

«Помидордун «тигровый» деген сортун өстүрүп, андан салмагы 450 граммды түзгөн помидор алдым. Бул сорттогу помидорлор салмактуу жана даамдуу болот экен. Жай айында помидор алганы келгендер кезекке турушат. Башкы дыйкандарга ушул помидор менен таанылдым. Өзүм «Дыйкан-мурас» бирикмесинин мүчөсү болгондуктан азыркы тапта жашылчанын жаңы сортторун өстүрүү менен алектенип жатам», - деди ал.

Махабат Сейталиева өлкө аймагында өткөрүлүп турчу семинарларга катышып, тажрыйба алмашып келет. Эми ал күнөсканасын чоңойтууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×