Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Нарын облусуАт-Башы району 22.04.2019 12:15 На русскомНа русском

«Мекендештер»: Кыргыз сахнасын таштап, аалам кезген Гүлкайырдын ийгилиги

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын тургуну Гүлкайыр Намазбек кызы кыялындагы өлкөлөрдү кыдырып, киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Педагогдордун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген Гүлкайыр учурда мекенин туризм жаатында өнүктүрүүнү пландап жатат.

«Өзүм Нарын шаарында төрөлүп, 7 жашка чейин ушул жерде чоңойдум. Атам жол тейлөө кызматкери болуп эмгектенгендиктен ар кайсы райондордо иштечү. Ошого байланыштуу облусубуздагы Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында, Ош шаарында, Нарын шаарынын М.Сыдыков атындагы орто мектебинде билим алып, акыры Ат-Башыдагы Ак-Муз айылынын орто мектебин ийгиликтүү аяктадым. Кичинекей кезимде эле дүйнө жүзүн кезген саякатчы болууну кыялданып, англис тилин үйрөнө баштадым. Мектепте окуп жүргөндө орус жана англис тилдеринен облустук жана республикалык деңгээлдеги олимпиадаларга катышып, дайыма 1-орунду алчумун. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөдөн район боюнча эң жогорку упай алып, 2010-жылы Бишкек гуманитардык университетинин европалык цивилизация факультетине бекер окууга өттүм. 5 жыл билим алуудан кийин англис тили мугалими кесибинин ээси болдум. Окууну аяктарым менен Дубай шаарында 2 жыл эмгектенип, бир жерде кечке болгондон дагы тажап, айылга кетип калгам. Ошондо апам "сенин кыялың чет өлкөлөрдү кыдыруу эмес беле? Бул жакта калып эмне кыласың?" дегенинен улам 2018-жылы дүйнө жүзүндө биринчи орунда турган туристтик компанияга кирдим. Учурда 30 өлкөнү кыдырып, көп шаар менен тааныштым. Ар бир шаар бири-биринен өзгөчөлөнүп турат экен. Мен барган мамлекеттер тазалыкка, коопсуздукка көп басым жасашат. Жарандар өз мыйзамдарын сыйлап, ага баш ийишет. Ошону менен бирге элдери патриот, жөнөкөй, сыйчыл келишип, туризм жаатын жакшы өнүктүрүшүптүр», - деди ал.

Гүлкайыр Намазбек кызы: «Өзүм патриот болгондуктан баскан-турган сайын мекеним оозумдан түшчү эмес. Ошондо башка өлкөдө жүргөн кыргыз туугандарыбыз "өзүнчө эле Курманжан датка боло бербечи" деп күлүп калышчу. Негизи ар бир мамлекеттин жарандары менен таанышканда өз мекенимди аябай мактайм. Бирок кээде коркуп кетем. Себеби, алар эс алууга келгенде мен мактагандай коопсуздук жана тазалык жогорку деңгээлде эмес.

Буюрса алдыда мекенимдин туризм жана билим берүү тармагын өнүктүрүп, мектеп ачайын деген планым бар. Эгер биз мамлекетибиздин өнүгүүсүн көргүбүз келсек, анда тынымсыз билим алып, тазалыкты жана коопсуздукту сакташыбыз керек экен. Сөзүмдүн аягында окурмандарга кайрыларым, биз кыргыздар чоң максат койгонду билбей корко берет экенбиз. Ошол коркуунун арты менен "эптеп" деп жүрүп, эптеп жашап калат экенбиз. Ошондуктан окурмандар же быйыл окууну бүтүп жаткан сиңди, инилериме кеңешим — эч коркпой тобокелчиликтерге барып, өзүңүздүн кыялыңызды реалдуулукка айландырыңыз. Аракет кылып, максат коюп, кыялды ишке ашыруу ар бир адамдын колунан келет экен», - деди.

Мекендешибиз мындан тышкары бий жана ырга кызыгат.

«Мектепте окуп жүргөндө эле ырга жана бийге болгон шыгым бар болчу жана кызыкчумун. Бир тууган эжемдин белгилүү бий тобу бар. Ага студент кезимде бардым. Эжемдин тобу менен бийлеп, чоң сахнага чыгып жана сынактарга катыша баштадым. Ошону менен бирге өзүм жакшы ырдагандыктан ыр тобун дагы ачып, 2013-2015-жылдары ырдап да калдым. Биздин ырлар үналгылардан да жаңырды. Ачыгын айтсам, шоу-бизнес чөйрөсү көп жакпай, балачагымдагы кыялым менен кеттим», - деди ал.

Гүлкайыр үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. Ал кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт жана корей, япон, араб тилдерин өздөштүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×