Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 20.04.2019 16:21

Чолпон-Атада жүргүнчүлөрдү ташыган 2 айдоочу айыпка жыгылды

Turmush -  Ысык-Көл райондук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери Чолпон-Ата шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарды текшерип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Текшерүү учурунда кичи автобустары тиешелүү талаптарга жооп бербегендиги үчүн 2 айдоочуга жана 1 механикке протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Комплекстүү текшерүү жайкы эс алуу мезгилине чейин бир нече жолу жүргүзүлмөкчү. Мындай иштер жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×