Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.04.2019 10:20

Ысык-Көлдө эки тургундун үйүнөн баңгизат табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда эки тургундун үйүнөн баңгизат табылды.

Маалым болгондой, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Допинг» жана «Бандит» операциясы жүргүзүлүп, анын алкагында эки адам кармалган.

Анда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1984-жылы туулган тургуну К.А.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, андан эки литрлик банкадагы аракка салынган 104 грамм марихуана жана баңгизат табылган.

Мындан тышкары, 18-апрелде Балыкчы шаарынын 1970-жылы туулган тургуну Б.З.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, андан 34 грамм гашиш табылган. Б.З. буга чейин ушундай факт боюнча соттолуп, үй камагына чыгарган болчу.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×