Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.04.2019 10:56 Жаңыланды: 19.04.2019 18:15 На русском

Айыл турмушу: Элетте жашаган Уланбек айына 2,1 миң доллар киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Булуң айылынын 30 жаштагы тургуну Уланбек Молдокматов айыл жеринде кирешелүү иш менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Юридикалык академиядан укук таануу жана жарандык укук боюнча эки жогорку билимге ээ болгон.

«Окууну аяктагандан кийин өз кесибим менен иштеген жокмун. Шартка байланыштуу айылга келүүгө туура келди. Көпчүлүк жаштар жумуштун жоктугунан айылдан качышат. Бирок элетте дагы кирешелүү иш менен алектенсе болот. Учурда мен ширетүү иштерине тийиштүү бардык кызматтарды кылам. Мисалы, жылытуу системасын, мончо мешин, дарбаза, отказан сыяктуу тетиктерди жасайбыз.

Бул ишти студент кезимде эле жездемден үйрөнгөм. Иштегениме 10 жылдай болуп калды. Кирешем буйрутмага жараша болот. Сезон убагында айына 150 миң сомдон жогору болот (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 2 миң 152 доллар). Кээде тендер аркылуу буйрутмалар түшөт. Баалары буйрутмага жараша, мисалы дарбазанын эң арзаны 16 000 сом. Жылына орточо эсеп менен 600 000 сомдой киреше табам», - дейт У.Молдокматов.

Анын айтымында, ага учурда Россиянын Томск шаарынан дагы буйрутмалар түшүүдө.

«Май айларында Россиянын Томск шаарына чакырып жатышат. Ал жакка барып, жаңы технологиядагы жылытуу системаларын орнотуп берем.

Буйрутмалар болсо башка облустарга дагы барып иштейм. Бир жолу Баткен облусунан мага мончонун отказанын жасоого буйрутма беришти. Аны жасап бүткөндөн кийин орнотуу үчүн Баткенге бардым. Жаныма жардам берип, чогуу иштеп келсин деп таякемди ала баргам. Ал жакта 8 күн дегенде жылуу полун орнотуп, сантехникасын монтаждап бүттүк. Ошол күндөрү 5 эле жолу башка тамак ичиптирбиз. Калган күндөрү 3 маал аш жегенбиз. Ошондо таякем аштан тажап: «Эми өз үйүмө барсам 2 жыл күрүч жебейм» деп күлдүргөн», - дейт ал.

Мындан тышкары, У.Молдокматов айыл жеринде жылкы багып, күлүк таптайт. Кийин карапайым элге юридикалык жактан жардам берүү максатында жактоочулук ишмердүүлүгүн улантып, жеке кеңсе ачууну пландайт.

Ал үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×