Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.04.2019 13:17 На русском

Караколдо жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Каракол ШИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы Таалай Намазбеков билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 17-апрелде саат 00:45 чамасында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. 1960-жылы туулган А.Б. аттуу тургунду белгисиз унаа сүзүп, айдоочу качып кеткен.

Каракол шаардык ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иш аракеттерди жүргүзүп, жөө жүргүнчүнү Каракол шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Т.Д. өзүнүн «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру I 7276 S) унаасы менен сүзүп кеткенин аныкташкан. Айдоочу жол көзөмөлдөөчүлөр тарабынан кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алган. Анын унаасы айып жайга токтотулуп, учурда тергөө иши уланууда.

Ал эми жол кырсыктан жабыркаган жаран шаардык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×