Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 17.04.2019 15:46

Ысык-Көлдө 200 килограммдан ашык баңгизат табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында 16-март күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштардын бетин ачууга, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, сатуу менен алектенген жарандарды аныктоо жана кармоого багытталган комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик жана ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 килограммдан ашык баңгизаты алынды.

«16-апрелде Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы Б.А. аттуу жарандын башкаруусундагы «Ауди А6» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, унаанын ичине кароо жүргүзүү учурунда 455 грамм гашиш табылган. Андан сырткары, БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелген 4 жарандын жашаган жерин мыйзамдын чегинде текшерүүгө алышкан.

Каракол шаары менен Ак-Суу районунда жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында 200 килограмм марихуана жана 1 килограмм 600 грамм гашиш баңгизаты табылган. Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жеткирүү) боюнча каттоого алынды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×