Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.07.2019 22:27 На русском

Погончон айым: Кыргыз-кытай чек арасында иштеп жүрүп, тун кызын төрөгөн Гүлзардын кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2028 аскер бөлүгүнүн улук прапорщиги, дарыкана башчысы Гүлзар Маматкулова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1977-жылы Каракол шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын алдындагы колледждин дарылоо бөлүмүндө билим алган.

«Окууну аяктагандан кийин турмушка чыгып, 1998-жылы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында иштеп баштадым. Жолдошум Алтынбек Конокбаев чек ара кызматында иштегендиктен, ага карап мен дагы бул аскер бөлүккө которулдум. Биринчи 6 жыл Кытай менен чектешкен чек ара заставада эмгектендим. Ал жерде жашап, иштеп жүрүп, жолдошум экөөбүз бир кыздуу болдук. Учурда кызым студент болуп, юрист кесиби боюнча билим алып жатат. Андан кийин Каракол шаарындагы аскер бөлүккө которулуп, учурда ушул жерде иштеп жатам. Ал эми жолдошум ардактуу эс алууга чыккан», - дейт ал.

Ал жолдошу экөө тең чек ара кызматында иштеп жүргөндө кызыктуу окуялар көп болгонун айтат.

«Мен экинчи кызымды төрөгөндө жолдошум чек арада кызматта эле. Ал жерде уюлдук телефон байланышы жок. Анан көз жаргандан кийин, застава аркылуу ага сүйүнчүлөдүм. Аскер адамы өзү каалаган убакта кызматтан кете албайт. Эки күндөн кийин кызматын өтөп бүткөн соң келген. Биринчи сүйүнчүлөгөндө ичинен кубанганы менен эмоциясын билгизбегенин кесиптештер айтып калышат», - дейт ал.

Гүлзар Маматкулова жолдошу экөө 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

«Учурда №2028 аскер бөлүктөгү дарыкананы жетектейм. Жоокерлер жаңы келгенде бир аз суук тийип, ооруганы эле болбосо, көбүнүн ден соолуктары чың. Азыр жоокерлер сергек жашоого умтулушат, спорт менен машыгышат, чуркашат. Ичимдик ичпей, чылым чегишпейт. Мунун бары алардын ден соолугунун чың болушуна өбөлгө болот», - дейт улук прапорщик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×