Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 15.04.2019 16:44

Жеңеке: Венера турмушка чыкканга чейин кайненесинин сыноосунан өткөн (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну Венера Жыргалбекова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Алмата шаарындагы окуу жайда архитектор-дизайнер кесиби боюнча билим алган. Кийин Кемин районунун Чоң-Кемин айылынын 31 жаштагы тургуну Рустам Макешовго турмушка чыккан.

«Жолдошум экөөбүз социалдык тармак аркылуу тааныштык. Мен кийин Кыргызстанга эс алууга келгенде аны менен жолугуп, бири-бирибизди жактырып калдык. Мени кайра Алматага чакырып калышкандыктан кетүүгө аргасыз болдум. Ошентип экөөбүз социалдык тармак аркылуу гана байланышып жүрдүк. Бир күнү ал мага үй-бүлө курууну сунуштап, ага чейин апасы менен тааныштырайын деди. Мен макул болуп, Алматадан келгенден кийин болочок кайын энем менен тааныштым. Ал мени бир көрүп эле жактырып, «маңдайы жарык кыз экен» деп айтып, бизге батасын берди. Ошентип алар бизге куда түшүп келишкенден кийин биз баш коштук.

Мени кайын журтумдун үйүнө алып келишкенде унаадан өзүм биринчи түшүп, күлүп үйгө кирсем жолдошум: «Келиндердин баары эле ыйлап келишкен, сен сүйүнүп келдиң го» деп айтканы эсимден кетпейт.

Үй-бүлөлүк жашоодо кыйынчылыктар болбой койбойт экен. Бирок жолдошум мени дайыма сабырдуу болууга үйрөттү, ал мени дайыма сыйлап турат», - дейт Венера Жыргалбекова.

Анын айтымында, жолдошу күтүүсүз белек кылганды жакшы көрөт.

«Бир күнү дүкөндөрдүн биринен бир куртка жагып калып, жолдошума телефон чалып: «Алып бересиңби?» деп сурадым. Ал маянасын алгандан кийин алып берерин айтты. Эртеси жумуштан кийин үйгө келип, «көзүңдү жумсаң» деди, анан оюмда эч нерсе жок көзүмдү жумдум. Ал алып келген белегин баштыктан алып чыккандан кийин «көзүңдү ач» деди, карасам баягы мен айтып жаткан куртка экен. Абдан сүйүндүм. Ушундай күтүүсүз белек кылганды жакшы көрөт.

Бош убактымда сүрөт тартам. Учурда кайрымдуулук иштер менен алектенип, кийилбей калган кийимдерди чогултуп, муктаж үй-бүлөлөргө таратып жатабыз.

Келечекте көп балалуу болсок деп тилек кылабыз. Ошондой эле жетим-жесирлерге жардам берип, жеке ишканамды ачсам деген максаттарым бар», - деди Венера Жыргалбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×