Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 15.04.2019 10:14

Түп айылындагы паркка бак-дарак отургузууга жапа тырмак чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Түп айылында 100дөн ашык адам паркка деп бөлүнгөн жерге бак-дарактын көчөттөрүн отургузушту. Бул тууралуу уюштуруучу Турсункан Мамырканова билдирди.

Маалым болгондой, айыл эли жашоочулардын эс алуусу үчүн 1 гектар жер бөлдүрүп алышкан.

«Айылдагы 3 көчөнүн жашоочулары, жаштар комитети Түп айыл өкмөтүнөн бош жаткан бир гектар жерди балдар ойноп, жашоочулар эс алуусу үчүн паркка бөлдүрүп алганбыз. Ал жерди жашылдандыруу максатында Түп токой чарбасынан 100 түп кызыл карагайдын, 120 түп ак кайыңдын көчөттөрүн алып отургуздук. «Жаштар ушундай иш жасаганы жатабыз» десек Турсункан апа 3 көчөнүн элин уюштуруп, көчөт тиктик, ошол жерге барып тамак-аш жасап, балдар ойноп, ынтымактын бир белгисин көрсөтүп койдук. Кийинки жумада жаштар уюму балдар ойной турган аянтчаны жасап, керектүү жабдууларды коюп беребиз», - деди Түп токой чарбасынын башкы токойчусу, 3 көчөнүн жаштар уюмунун лидерлеринин бири Наргиз Мусаев.

Ал эми айылдын аксакалы Жайык Сулаймановдун айтымында, айыл эли көптөн бери чогула элек болчу.

«Канча жылдан бери ушинтип чогулуп, сырдашып, ырдашып черибизди жазыша элек болчубуз. Мен билгенден 1980-жылдан бери го. Баарынан да балдарга жакшы болот, айылдын борборундагы паркка барып ойноп келейин десе жол алыс. Кары адамдарга жакшы болду. Тиккен дарактарыбыз дүркүрөп өсүп берсе, арасында отургучтарга эс алып отуруп, балдарга да көзөмөл кылып турабыз», - деди Жайык Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×