Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 13.04.2019 14:46

Балыкчыда «Интеллектуалдык менчик мектеп окуучуларынын көзү менен» деген сынак өттү

Turmush -  Балыкчыда мектеп окуучуларынын арасында «Интеллектуалдык менчик мектеп окуучуларынын көзү менен» деген аталыштагы сынак өттү. Бул тууралуу №4 гимназия мектебинин мугалими Махабат Кыязова билдирди.

«Сынакка мен даярдаган 4 окуучу катышты. Бул окуучулар Балыкчы шаарындагы 4-гимназиянын 10-классында окушат. Команданын аты «Кыялымдагы шаар» деп аталат.

Кабылбек уулу Асылбек «Кыялымдагы шаар» деген темада шаардын макетин жасады. Макетте Балыкчы шаары шамалдуу болгондуктан шамалдан электр энергиясын алып, сууну иштетүү өзгөчөлүгү камтылды.

Бакыт Нурланов сүрөттү көрүп да, көрбөй да элестетип тартат. Дагы бир окуучум Ибраев Самидин сынакка слайдды сүрөттөрү менен чогуу жасаса, Умуралиева Арсения дилбаян жазган. 4 окуучуну 1 ай даярдаган элем. Жыйынтыгында 1-орунга 4-гимназия мектеби татыктуу болду. 2-орунга 5-мектеп, 3-орунга 7-8-мектептер ээ болушту. Менин окуучуларым 14-майда боло турган республикалык сынакка катышууга жолдомо алышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×