Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.04.2019 14:07

Караколго Россиянын Кыргызстандагы элчиси Н.Удовиченко келди

Turmush -  Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Каракол шаарына келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, аны Ысык-Көл облусунун жетекчиси А.Осмоналиев тосуп алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Элчи өз сөзүндө Кыргызстандын кооздугу жана элинин меймандостугуна баа бергенин айтып, алдыда кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Элчи сапардын алкагында саякатчы Н.Преживальскийдин 180 жылдыгына карата өткөн иш-чарага катышты. Андан тышкары Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өтө турган тегерек столго катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×