Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуТоң району 13.04.2019 18:56 На русском

Тоңдо чоң унаа ала салып, 2 адам мерт болгон окуянын чоо-жайы. Видео

Turmush -  11-апрелде Тоң районунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 2 айылдаш каза болгон окуянын чоо-жайы белгилүү болду.

Окуяга күбө болгон Талантбек Ибраевдин айтымында, кырсык Дөң-Талаа айылында эмес, Кара-Коо айылынын тоо жактагы кире беришинде болгон.

«Окуя болгон күнү саат 10:30 чамасында түлөө бергени айылдын эли чогулуп жатканбыз. Саат 11:00 чамасында катуу добуш угулду. Мен анча алыс эмес жерде болгондуктан бат эле жетип бардым. Биринчи барганда чаңдан эч нерсе көрүнгөн жок. Бир аздан соң унаа кулап жатканын көрдүм. Кырсык негизи Дөң-Талаа айылында болгон эмес. Кара-Коо айылынын тоо жактагы кире беришинде болгон. Булар таш жүктөп, Дөң-Талаа айылынан Кара-Коо айылына келе жатышыптыр. Дөң-Талаа айылынан чыккандан кийин Кырк-Шейит участкасынан баштап Кара-Коо айылынын кире беришине чейин ылдыйыш. Ошол Кырк-Шейит участкасынан баштап унааны күү менен айдап түшкөн. Кеминде 100-120 км менен келе жаткан. Анан тормоз кармабай калып, унааны токтото албай калган. Кара-Коо айылынын башына чейин келип, ал жердеги көпүрөдөн катуу секирип, ала салып барып бир үйдүн сарайын басып калган. Унаа катуу ылдамдыкта келе жатканда эле ичиндеги экөө эки терезеден элдерди качкыла деп кол булгалашкан. Ал үй менин аталаш инимдин үйү болот. Аны да кудай чоң сактаптыр. Себеби кырсык болордон бир аз мурунураак ажатканадан чыгып, короо жакка басып кетиптир. Анан унаа ажатканасын талкалап кеткен. Бир аз эрте ажатканадан чыкпаганда иним дагы жабыр тартмак экен. Унаанын кабинасы жалпайып калыптыр. Араң кран менен көтөрүп, темирди кескилеп жатып сөөктөрдү алып чыктык. Жанындагы жүргүнчү Дөң-Талаа айылынан Кара-Коо айылына барып насыя төгүү үчүн жол тосуп турганда ошол унаа келип, түшүп алган экен.

Ушул кырсык болгон Кара-Коо айылынын тоо жактагы кире бериши кандуу жер. Мен билгенден эле буга чейин 3 жолку жол кырсыгына күбө болгом», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×