Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.04.2019 13:08 На русском

Караколдо Пржевальскийдин 180 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелде Каракол шаарында саякатчы Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, саамалыкка элчи Николай Удовиченко баш болгон россиялык делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. Чогулгандар Пржевальскийдин эстелигине гүлчамбаларды коюшту. Андан кийин анын музейине барып, өмүр жолу менен таанышып чыгышты.

Ошондой эле саякатчы жөнүндө маалымат берилген митинг-реквием өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×