Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.04.2019 11:37

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк багбан Т.Кылашев түрдүү көчөттөрдү өстүрүп, жылына 500 миң сомго чейин киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын тургуну Таалай Кылашев багбанчылыкты өздөштүрүп, үй-бүлөсү менен 2003-жылдан бери көчөттөрдү өстүрүп келе жатат. Аймактык кабарчы багбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач 20 сотых жер тилкесине данектен көчөт өстүрүп иш баштаган. Азыр гектарлаган жерге көчөт отургузуп, аны сатып пайда табат. Азыркы тапта алманын 6 сортун, өрүктүн 5 сортун, алча, карагаттын көчөттөрүн дагы өстүрөт.

«Жыл санап бак өстүрүүгө аракет кылгандар арбып бара жатат. Данектен көчөт өсүшү үчүн айлап эмес, жылдап мээнет кылуу керек. Дайым отоо чөптөрүн тазалап, көчөттөрдү сугаруу зарыл. Азыр облустун бардык район-шаарларынан келип, көчөт сатып алган кардарларга бак өстүрүүнүн сырларын үйрөтөм. Көчөт сатуу менен ар жылы 500 миң сом киреше тапса болот. Күзүндө алма-өрүктөр менен 1 млн сомго чейин каражат табууга болот», - деди ал.

Багбан өзүнүн үлүш жеринен тышкары ижарага алган жерге да көчөт отургузган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×