Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.04.2019 18:54

Караколдо Ө.Бабановдун келишин колдогон тынчтык митинг стадиондо өтөт

КАракол
КАракол

Turmush -  Каракол шаарында Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишин колдоо боюнча тынчтык митинг 13-апрелде борбордук стадиондо өтөт. Бул тууралуу «Республика» саясий партиясынын Каракол шаарындагы өкүлү Марат Раматов билдирди.

Анын айтымында, тынчтык митингди борбордук аянтта эмес, стадиондо өткөрүү чечимин Каракол шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде шаардык сот кабыл алган.

М.Раматов белгилегендей, сотко алар катышкан эмес жана аларга митингди кайда өткөрүү керектиги боюнча билдирүү гана келген.

Буга чейин Ысык-Кѳл облусунун тургундарынан турган топ саясатчы Өмүрбек Бабановдун мекенине кайтышы боюнча АКИpress – Ысык-Көлдөгү маалымат жыйында өз ойлорун билдиришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×