Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.04.2019 18:30

Нурлан Абдыкеримов Ысык-Көл РИИБдин башчысы болуп дайындалды

Нурлан Абдыкеримов
Нурлан Абдыкеримов

Turmush -  Абдыкеримов Нурлан Бердибекович Ысык-Көл РИИБдин башчысы болуп дайындалды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жаңы жетекчи Ысык-Көл РИИБдин жеке курамына эртең тааныштырылат.

Нурлан Абдыкеримов 1977-жылы Балыкчы шаарында туулган. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ички иштер органдарында 2003-жылы баштаган.

Ал буга чейин Тоң РИИБдин башчысы кызматын аркалап келген. Ал эми Тоң РИИБдин башчысы болуп Нургазы Увалиев дайындалды. Ал дагы эртең жеке курамга тааныштырылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×