Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.04.2019 17:49 На русском

Ысык-Көлдүн жол инспекторлору кырсыктардын алдын алуу үчүн элдик методду колдонууда (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 11-апрелде ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктары болбосун деген тилек менен курмандык чалып, түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай ырым-жырым жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жасалды.

Анда жол күзөтчүлөр тарабынан кой союлуп, эти ун, май, кумшекер сыяктуу азык-түлүктөр менен бирге балдар үйлөрүнө, көп балалуу, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

Иш-чара учурунда инспекторлор айдоочулардан жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону жана ылдамдыкты тиешелүү ченемден жогорулатпоону өтүнүштү.

Буга чейин Ысык-Көл РИИБдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тимур Кадыров билдиргендей, жыл башынан бери облуста 64 жол кырсыгы катталып, 143 адам ар кандай жаракат алса, 17 адам каза болгон.

Түлөө — курмандык чалып кудайдан ырайым тилеген ырым-жырым. Түлөө берүү, жакшылыкты тилөө — эл-журттун, бала чаканын аман-эсендигин, жаратылыш кырсыктарын болтурбоону тилегенде, оору-сыркоодон сакайганда, жоголгон адамдын же малдын аман-эсен табылганында, кырсыктан аман калганда жана башка жагдайларда жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×