Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 12.04.2019 17:05

Түптүн Шаты айылында 5 турак үй жер көчкү түшүү коркунучунан корголду (сүрөт)

Turmush -  Түп айыл өкмөтүнө караштуу Шаты айылындагы 2 гектар жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп райондук бөлүмү тарабынан 500 түп көчөт отургузулду. Натыйжада 5 турак үй жер көчкү түшүү коркунучунан корголду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өзгөчө кырдаалдардын калкка тийгизүүчү залалын азайтуу максатында бак-дарак тигүү жана аларды өстүрүү ӨКМ тарабынан демилгеленип, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү бийлик органдары, калк жана эл аралык уюмдар менен бирге ишке ашырылды.

«Ал эми Шаты айылынын тургундары: Сыргак Бегимбаев, Алмаз Орозакунов, Өмүр Мамытов, Майрамбек Бегимбаев жана Бейшен Чокоев коопсуз жерге көчүү үчүн өкмөт тараптан тиешелүү суммадагы ссудаларды алышканы менен коопсуз жерден берилген жерлерине көчүп барууну кечиктирип келе жатышат», - деди ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Казакбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×