Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.04.2019 15:53

Ысык-Көлдөгү рейдде 30 мас айдоочу кармалып, унаалар айып жайга токтотулду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында күчөтүлгөн тартипте «Рулду башкаруу» аттуу рейд өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу облустук ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд 2-апрелден бери жүргүзүлүп жатат.

«Рейддин алкагында мас абалда рулду башкарган жана жол эрежесин сактабаган айдоочуларга айып салынды. Жол кырсыктарын алдын алуу максатында облустук ЖККК бөлүмү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Рейддин жүрүшүндө 2-апрелден бери жол кыймылынын эрежесин бузган 1609 айдоочуга протокол түзүлдү. Мас абалда унаа башкарган 30 айдоочу кармалып, 50 унаа айып жайга токтотулду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×