Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.04.2019 13:22 Жаңыланды: 12.04.2019 16:49

Жеңеке: Ысык-көлдүк Г.Омукеева конокко барган айылда өмүр бою калган (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун 51 жаштагы тургуну Гүлмира Омукеева Жаңы-Арык айылындагы С.Кулматов атындагы орто мектептин директору болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал көп жыл мугалимдик кесипти аркалаган.

«Бала кезимде мугалим, диктор, дүкөнчү, милиция кызматкери болгум келчү. Алардын ичинен дүкөнчү жана мугалим болуу кыялым орундалды. Көп жыл мугалим, уюштуруучу болуп иштеп жүрүп, эми директор болдум. Бул өтө жоопкерчиликтүү кызмат. Иш убактысы бүтүп, үйгө келсем дагы мектепти ойлой берем. Учурда жаңы мектеп курулуп жатат. Эми окуучулар заманбап мектепте окушса деп кыялданып жатам», - деди Г.Омукеева.

Анын айтымында, ал педагогикалык институтту аяктагандан кийин Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын тургуну Сабырбек Исановго турмушка чыккан.

«1991-жылы окуу жайды аяктагандан кийин турмушка чыгып, көп балалуу үй-бүлөгө келин болуп келдим. Жолдошум тогуз бир тууган. Окууну аяктап, курсташтарыбыз менен майрамдап жүргөндө болочок жолдошум менен тааныштым. Ал курбу кызымдын жигитинин досу экен. Алар бизди конокко чакырып, Сабырбектин үйүнө бардык. Алар бизди коноктоп бүткөндөн кийин кетели деп жатсак, мага ак жоолук салып, алып калышты. Менин жоолук салынып отурганымды көрүп, дос кызымды дагы жигити кетирбей, биротоло алып калды. Ошентип, курбум экөөбүз бир күндө жоолук салынып, келин болдук. Бир айдан кийин Дархан айылына барып, нике күбөлүгүн алганда бири-бирибизге күбө болдук. Азыркыга чейин курбум экөөбүз катташып турабыз», - дейт ал.

Г.Омукеева жаңы үй-бүлө курганда алар оор күндөрдү башынан өткөрүшкөнүн айтат.

«Биз үйлөнгөн убакта СССР тарап, Кыргызстан жаңыдан эгемендүүлүктү алып жаткан эле. Эл кыйналып, дүкөндөрдө азык-түлүктөр жок, акчалуулар дүкөндөрдөгү буюмдарды сатып алып жатышкан учур болчу. Мен көп балалуу үй-бүлөгө келин болуп келгендиктен, аларга чай куюп берип жатып, кээде өзүм ичпей калчумун. Анда кайнатам мугалим болуп иштечү», - дейт ал.

Ошондой эле ал учурда ажырашуулар көп болуп жатканын айтат.

«Ажырашуулардын саны жыл сайын өсүп жатканын билебиз. Ата-энелер жаңы үйлөнгөн жаштарга моралдык колдоо көрсөтүп, кеңештерин айтса дейт элем. Кээ бир ата-энелер жаңы үйлөнгөн балдарын иштөө үчүн чет өлкөлөргө жиберип салышат же келинчегин ымыркайы менен алып калып, баласын жиберип коюшат. Ушул сыяктуу түрдүү жагдайлар алардын ажырашуусуна себеп болууда. Бактылуу, ынтымактуу үй-бүлө курууга эки тарап тең бирдей аракет кылышы керек», - дейт Г.Омукеева.

Анын 3 баласы бар. Эң улуусу Сейитбек (1992-жылы туулган) үй-бүлө куруп, эки кыздуу болгон. Андан кийинки Бермет 1995-жылы туулган. Учурда Бишкек шаарында окуп, иштейт. Кичүү уулу Байыржан 2003-жылы туулган, 9-класстын окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×