Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуТоң району 12.04.2019 11:11

Ысык-Көлдө жол кырсыктарын азайтуу үчүн кандай иштер жасалууда? (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытында түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу облустук ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чараларга облустун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилиги, окуучулар, жол инспекторлору катышууда. Анда жаш тескөөчүлөр башталгыч класстардын окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп, аны иш жүзүндө көрсөтүп беришүүдө.

Ошондой эле, ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери эртең менен окуучулар сабакка келген учурда мектептердин алдында кызмат өтөөдө. Мындай иш-чаралар бардык шаар, райондордо өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×