Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.04.2019 08:21 На русском

Ысык-Көлдө эки кыздын атасын камчы менен сабап өлтүрүштү. Окуянын чоо-жайы

озеро, иссык-куль
озеро, иссык-куль

Turmush -  Ысык-Көл облустук соту айылдашын өлтүрүүгө шектүү делген Түп районунун тургуну боюнча ишти карап чыгып, чечим чыгарды.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, айыпталуучу — Сан-Таш айылынын тургуну Урмат [У.Б., аты өзгөртүлдү]. Орто билимдүү, эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү. Түп райондук сотунун 2018-жылдын 22-октябрындагы чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Маалым болгондой, соттолуучу адам 28-июнда саат 22:30 чамасында Сары-Тологой айылынын тургуну Н.Н., Ново-Вознесеновка айылынын тургуну П.К. жана Тогуз-Булак айылынын тургуну Кайрат [В.К., аты өзгөртүлдү] менен Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү үйдүн жанында спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Ошол учурда соттолуучу менен Кайрат кайым айтыша кетип, Урмат Кайратты сабап салган. Кайрат атка минип, жаңжал болгон жерден кетейин деп жатканда Урмат аны кууп жетип, камчы менен соккон. Кайрат жерге кулап түшкөндө Урмат аны андан ары сабаган. Андан катуу жаракат алган Кайрат 30-июнда каза болгон.

Биринчи инстанциянын чечими Урматты канааттандырбай, жактоочу апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылган. Соттолуучу чечимди жокко чыгарып, эркиндигинен ажыратууга байланыштуу эмес жаза берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, ал жабырлануучуну өлтүрүүнү каалаган эмес, баардыгы кокустан болуп кеткен. Кайрат жаңжал болгон жерден кетүүгө аракет кылып жатып, аттан кулап түшкөн. Мындан улам катуу жаракат алып, ооруканада каза болуп калган.

Анын айтымында, каза болгон жаран өзү жаңжалды күчөтүп, алгач анын тизесине тепкен. Кайрат ага жооп берүү үчүн анын санына чаап, бетине эки жолу урган. Кайрат атка мингенде, ал атты камчы менен бир нече ирет соккон. Ат үркүп, Кайрат жерге кулап түшкөн. Соттолуучу ага чуркап барып, жерден тургузууга аракет кылганы менен аны тургуза албай койгон. Андан кийин алар башка айылдаштары менен бирге Кайратты жерден тургузууга аракет кылышкан. Айыпталуучунун айтымында, ал бир сааттай убакыт Кайраттын жанында отуруп, кечирим суроого аракет кылган. Бирок ал ордунан турбагандыктан соттолуучу үйүнө кетип калган. Ал ошондой эле Кайраттын башын теппегендигин билдирген.

Соттолуучунун жактоочусу окуяны күтүлбөгөн кырсык деп атап, жабырлануучу тараптын Урматка болгон доосу жок экенин билдирген. Ошондой эле ал каза болгон кишинин балдарына соттолуучу адамдын жакындары тарабынан жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

Ал эми каза болгон Кайраттын аялы билдиргендей, алардын эки кызы бар, бирок алар 4 жылдан бери чогуу жашабай калышкан. Жолдошу кыздарын жайында алып кетип, жардам көрсөтүп турчу. Ал соттолуучуну ачык күнөөлөдөн баш тартып, анын кыздарына атасы көрсөтпөгөн жардам көрсөтүлгөнүн билдирген.

Иштин материалын карап чыгып, соттук коллегия Түп райондук сотунун чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды. Анын жыйынтыгында Урмат Жазык кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка оор зазал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×