Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуТоң району 11.04.2019 17:42 На русском

Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 2 айылдаш каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочу менен жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 11-апрелде саат 11:50 чамасында Тоң районунун Дөң-Талаа айылында катталган. Айылдын 1990-жылы туулган тургуну М.у.Ж. айыл өкмөткө караштуу «Донг Фенг CI.W3251» үлгүсүндөгү жүк ташуу унааны күн батышты карай башкарып бара жатканда рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу Тоң районунун ооруканасында каза болгон. Ал эми жанындагы жүргүнчү — Дөң-Талаа айылынын 1979-жылы туулган тургуну М.А. окуя болгон жерде каза болгон.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, унаанын тормозу иштебей калган. Ал унаага таш жүктөп бара жатышкан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар окуя болгон жерге барышып, тиешелүү иштерди жүргүзүшкөн.

Кийин 13-апрелде аталган кырсыктын чоо-жайы белгилүү болду.

Окуяга күбө болгон Талантбек Ибраевдин айтымында, кырсык Дөң-Талаа айылында эмес, Кара-Коо айылынын тоо жактагы кире беришинде болгон.

«Биз окуя болгон күнү саат 10:30 чамаларында түлөө бергени айылдын эли чогулуп жатканыбыз. Анан саат 11:00 чамасында катуу добуш угулду. Мен анча алыс эмес жерде болгондуктан бат эле жетип бардым. Биринчи барганда чаңдан эч нерсе көрүнгөн жок. Бир аздан соң унаа кулап жатканын көрдүм. Кырсык негизи Дөң-Талаа айылында болгон эмес. Кара-Коо айылынын тоо жактагы кире беришинде болгон. Булар таш жүктөп Дөң-Талаа айылынан Кара-Коо айылына келе жатышыптыр. Дөң-Талаа айылынан чыккандан кийин Кырк-Шейит участкасынан баштап Кара-Коо айылынын кире беришине чейин ылдыйыш. Ошол Кырк-Шейит участкасынан баштап унааны күү менен айдап түшкөн. Кеминде 100-120 км менен келе жаткан. Анан тормоз кармабай калып, унааны токтот албай Кара-Коо айылынын башына чейин келип, ал жердеги көпүрөдөн катуу секирип, ал салып барып, бир үйдүн сарайын басып калган. Унаа катуу ылдамдыкта келе жатканда эле ичиндеги экөө эки терезеден элдерди качкыла деп кол булгалашкан. Ал үй менин аталаш инимдин үйү болот. Аны да кудай чоң сактаптыр. Себеби кырсык болордон бир аз мурунураак ажатканадан чыгып короого жакка басып кетиптир. Анан эле тиги унаа келип ажатканасын талкалап кеткен. Бир аз эрте ажатканадан чыкпаганда иним дагы жабыр тартмак экен. Унаанын кабинасы жалпайып калыптырю Араң кран менен көтөрүп, темирди кескилеп жатып сөөктөрдү алып чыктык. Жанындагы жүргүнчү болсо Дөң- Талаа айылынан Кара-Коо айылына кредит төгөм деп, жол тосуп турганда, жогорудагы унаа келип калып түшүп алган экен.

Негизи ушул кырсык болгон Кара-Коо айылынын тоо жактагы кире бериши кандуу жер. Мен билгенден эле буга чейин 3 жолку жол кырсыгына күбөө болгом», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×