Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.04.2019 16:45 Жаңыланды: 19.04.2019 21:45 На русском

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк жубайлар ишкерликтин эбин табышты (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын тургундары Шабдан Коробаев жана жубайы Гүлзат Галиева шире чыгаруучу цех ачып, 5 адамды иш менен камсыз кылышкан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жубайлардын айтымында, өткөн жылы чакан ишкана ачуу үчүн өкмөткө кайрылып, имарат маселесин чечкенден кийин ишти башташкан. Атайын жабдууларды алып, калкка кызмат көрсөтүшөт.

«Биз алгач как кургатуучу атайын жабдууну алып, элдин алма, өрүктөрүн кургатып жаттык. Заманбап жабдуу алуу үчүн жолдошум экөөбүз көп издендик. Азыр мектептерде окуучуларга ысык тамак менен бирге шире дагы берилип жатат. Сезон маалы болгондуктан как кургатууга облустун башка айылдарынан да келишип, кезек күтүп жатышат. Буга улай шире сыгуучу атайын жабдуу дагы алдык. Айыл эли жерге түшүп калган алмаларын терип келип, таза шире кылып кетишет. Жолдошум башка иш менен кеткенде станокту өзүм иштетем», - дейт Г.Галиева.

Жубайлар эми кийим тигүүчү цех ачып, кыз-келиндерди иш менен камсыз кылууну пландап жатышат.

«Күн сайын 100 кг жүн тытып, жем тартабыз. Эми таштандыларды иреттеп таңгак кылуучу жабдуу жана таштанды ташуучу шайман алып келүү алдында турабыз. Ошондой эле айылдагы кыз-келиндерге жумуш орундарын түзүү үчүн кийим тигүүчү цех ачуу планыбыз бар. Цехте улуттук, саркеч кийимдер тигилет», - дешти жубайлар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×