Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.04.2019 16:09

Ысык-Көлдө адистердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы текшерилди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Кѳл районунун Семенов айыл аймагында «Ар түрдүү мүнѳздѳгү ѳзгѳчѳ кырдаалдар учурунда жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана күчтѳрүнүн аракеттери» деген темада комплекстүү машыгуу ѳткѳрүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, ага жарандык коргонуунун түзүмдөрү, командалык курамы катышты.

Машыгуунун максаты жаратылыш жана техногендик мүнѳздѳгү ѳзгѳчѳ кырдаалдар катталган учурда калкты жана экономикалык объекттерин коргоо боюнча иш-чараларды, жарандык коргонуу жана башкаруу органдарынын, штабдарынын даярдыгын жана башкаруу жѳндѳмдүүлүгүн текшерүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×