Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.04.2019 15:54

Жети-Өгүздүн жаш балбандары Орусиядагы мелдеште жеңишке жетишти (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун жаш балбандары грек-рим күрөшү боюнча Орусияда өткөн мелдеште алдыңкы орунду ээлешти. Бул тууралуу машыктыруучу Ильяз Асаналиев маалымдады.

Анын айтымында, Красноярск жана Омск шаарларында өткөн эл аралык турнир 15 күнгө созулду.

«Жети-Өгүз районунан барган Тентимишов Ислам 1-орунду, Бакытов Талгат 3-орунду, Кемелов Азирет 5-орунду ээлешти. Мындай эл аралык турнирге окуучулар алгачкы жолу барышты», - деди ал.

И.Асаналиев белгилегендей, Жети-Өгүз айыл аймагы жана райондук администрация тарабынан мелдешке барган жаш спортчуларга колдоо көрсөтүлгөн. Ийгилик менен кайткан балдарды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тосуп алышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×