Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.04.2019 15:17

Жол инспектору Ысык-Көлдөгү жол кырсыктардын негизги себебин атады (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көлдө болуп жаткан жол кырсыктарына Балыкчы—Корумду жолунун реконструкцияланышы себеп болууда, дейт РИИБдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тимур Кадыров.

Анын айтымында, айдоочулар түз жолдон жол көзөмөлдөөчүлөрүн көргөндө гана унааны акырын айдашат, өткөндөн кийин ылдамдыкты жогорулатышат.

«Айдоочулар өздөрүнүн жана башка адамдардын өмүрүн тобокелге салып жатышканын унутушпаса.

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн 21 рейддин алкагында 854 айдоочуга протоколдор түзүлсө, алардын ичинен 132 айдоочу мас абалда болгон. Учурда жол күзөтчүлөр күнү-түнү Ысык-Көл районунда иш алып барууда. Жыл башынан бери 64 жол кырсыгы катталып, 143 адам ар кандай жаракат алса, 17 адам каза болгон», - деди Тимур Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×